Биз социалдык тармакта

Испания АКШнын коркутууларынан коркпой турганын билдирди

Испаниянын вице-премьер-министри Йоланда Диас өлкө АКШга каршы туруудан коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу Politico гезити андан алган интервьюга таянып жазды.

Анын айтымында, Испания АКШнын президенти Дональд Трамптын Мадрид менен соода байланыштарын үзөбүз деген коркутууларынан коркпойт.

Акыркы апталарда Мадрид менен Вашингтон ортосундагы мамиле Иран айланасындагы жаңжалга байланыштуу чыңалып кеткен. Испания бийлиги АКШ менен Израил жүргүзгөн аскердик аракеттерге каршы чыгып, мындай операциялар эл аралык укукка туура келбей турганын билдирген.

Ушунун фонунда Испания өз аймагындагы “Рота” жана “Морон” аскер базаларын Иранга каршы операциялар үчүн колдонууга тыюу салды. Буга жооп катары Трамп падышалыкка каршы экономикалык чараларды, анын ичинде соода байланыштарын үзүү мүмкүнчүлүгүн айтып коркуткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан