Орусия Ирандын айланасындагы кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт. Кремль мындай ыкманы артыкчылыктуу деп атап, бул аймакка стабилдүүлүк алып келерин билдирди.
"Биз Ирандын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуунун саясий жана дипломатиялык ыкмаларына тезирээк өтүү боюнча ырааттуу позициябызды карманууну улантабыз. Бул аймакка тынчтык, бейпилдик алып келет",- деген Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Айтымында, Орусия Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Буга чейин Владимир Путин Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Москва-Тегеран алакаларын талкуулаган. Пезешкиан Москвага Тегерандагы аскердик операция учурунда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операция баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаган.