Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова мурдагы айдоочусун кечирип туура эмес кылганын айтты. Жыйында жол кырсыктарына тиешелүү маселе каралууда.
“Мен былтыр жол кырсыгына кабылгам, бирок улуу киши деп айдоочумду кечирип койдум эле. Бирок кечирбеш керек экен. Анткени кийин өзүңдү жамандап, жалган жалааларды айтып чыгат. Айдоочум аралыкты сактап айдаган эмес. Бирок ал киши өз аракети үчүн али жооп берет”,- дейт Жолдошова.
Эскерте кетсек, 22-январда депутаттын мурдагы айдоочусу Бакыт Турдакунов мыйзамсыз иштен айдалганын, өзүнө тийиштүү 7 миң сом акчаны Жолдошова алып койгонун айтып чыккан.