Анкара шаарында күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу жергиликтүү сейсмологиялык кызматтар маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Анкаранын түштүгүндө жайгашкан Хаймана провинциясында болуп, 7,74 чакырым тереңдикте катталган. Жер силкинүү борбор калаанын бир катар райондорунда сезилген.
Жер титирөөнү сезген тургундардын айрымдары кооптонуп үйлөрүнөн көчөгө чыгып кетишкен. Учурда алардын көпчүлүгү мүмкүн болгон кайталанма силкинүүлөрдөн чочулап, имараттарга кайтып кирүүдөн карманышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалга көз салууну улантууда.