"Ушул тапта Кыргызстандын жарандык
авиация тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар. Айрыкча Европа Биримдигинин «кара
тизмесине» кирип калгандыктан, Кыргызсандын учактары Европа өлкөлөрүнө уча
албай, түз аба каттамдары ачылбай турат" деп билдирди ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин
төрагасы Жусупали Исаев.
Депутаттын айтымында,
кыргыз жарандары Европа өлкөлөрүнө Москва, Ташкент, Алматы аркылуу учуп
жаткандыктан, кыйла чыгым тартышууда. Ички каттамдардын абалы деле анчалык канааттандырарлык эмес. «Кыргызстандын жарандык авиация тармагындагы ушул сындуу көптөгөн
көйгөйлөрдү чечүү максатында ички жана тышкы авиакаттамдарды жөнгө салууну
жакшыртууга багытталган токтомдорду кабыл алып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу
чечимине келдик»,- деди ал өз сөзүндө.
Эске салсак, ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 21-январда
көчмө жыйын өткөрүп, анда өлкөнүн жарандык авиациясынын азыркы абалы жөнүндө КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы угулган.