Кувейтте дрон турак жайга кулап, эки адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя эртең менен эрте өлкөнүн түштүк аймагында болгон. Дрон турак үйгө тийип, натыйжада эки адам жаракат алып, имаратка материалдык зыян келтирилген.
Жабыркагандар учурда медициналык жардам алып жатканы айтылды.
Белгиленгендей, акыркы күндөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп, АКШ жана Израил Иран аймагындагы объектилерге сокку урган. Иран болсо жооп иретинде Израилдин аймагына жана АКШнын аймактагы аскердик объектилерине сокку жасоодо. Мындан улам аймактагы бир катар араб өлкөлөрү аба мейкиндигин толук же жарым-жартылай жабууга аргасыз болду.