Иран Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргендей, Ормуз кысыгын пайдаланууну каалаган бардык кемелер Ирандын деңиз аскер күчтөрү менен алдын ала макулдашууга тийиш. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Багаинин айтымында, АКШ жана Израил тарабынан түзүлгөн кооптуу кырдаал аймактагы кемелердин кыймылына таасир этиши мүмкүн, бирок Иран Ормуз кысыгынын коопсуз болуусун каалайт. Ал кемелерге коопсуз өтүү үчүн макулдашуу зарыл экенин белгиледи.