Дональд Трамп Иранга каршы Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөндөй күчтүү аскердик соккулар жасалып жатканын билдирди. АКШнын президенти бул тууралуу Fox News телеканалынын журналисти Брайан Килмид менен болгон маегинде айткан.
Анын сөзүнө караганда, Иранга жасалып жаткан соккулар өтө күчтүү болуп, мындай масштабдагы чабуулдар Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек болчу.
Белгилүү болгондой, АКШ жана Израил 28-февралдан тарта Иран аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урууну баштаган.
Өз кезегинде Иран Израилдин аймагына жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объекттерине жооп иретинде сокку уруп жатканы айтылууда.