КРнын Өкмөтүнүн алдындагы каржы чалгыны 2013-жылы мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын маселеси боюнча түшкөн суроолордун 74үн карап чыккан. Бул тууралуу аталган мекеменин 2013-жыл боюнча отчётунда көрсөтүлгөн.
Алардын ичинен Коргоо кеңешине 2 материал жөнөтүлсө, Өкмөттүк аппаратка – 7, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка – 7, Башкы прокуратурага – 9, КРнын өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына – 7, Ички иштер министрлигине - 11, башка мамлекеттик органдарга - 23 маселе боюнча суроо жөнөтүлгөн. Мындан сырткары эл аралык 8 суроо каралган. Ошондой эле аталган убакыттын аралыгында стратегиялык анализ үчүн 3, демилге-аналитикалык 15 жана типологиялык изилдөөлөр боюнча 3 материал даярдалган.