Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгына мина коюлганы тууралуу маалыматты четке какты

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Маджид Тахт-Раванчи Ормуз кысыгына мина коюлганы тууралуу кабарды четке какты. Ошондой эле ал "Франс Пресс" басылмасына маек берип, АКШнын президенти Дональд Трамптын айыптоолоруна да жооп берген.

Буга чейин Трамп америкалык аскерлер аталган кысыкка мина коюп жаткан ирандык 28 кемеге сокку урганын айткан эле.

"Такыр андай эмес. Бул чындыкка дал келбейт",- деди Маджид Тахт-Раванчи.

АКШ лидери америкалык аскерлер Ирандын мина койгон кемелеринин дээрлик бардыгын бир түн ичинде жок кылышканын да билдирген. "Мен алардын мынчалык чоң флоту бар экенин билген эмесмин",- деген Трамп.

Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШ менен Израилдин Иранга карата аскердик операциясынан 1300дөн ашуун жай тургун набыт болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан