Сахара чөлүнө кар жаады. Алжирдеги жаан-чачын кызгылт сары кум дөбөлөрүн ак түскө боёп, Айн-Сефрада абанын температурасы нөлдөн төмөн түштү.
Бул акыркы 40 жылда аталган чөлгө жетинчи ирет кар жаашы. Сахарада акыркы жолу кар 2016-жылы жааган. Андан мурунку рекорд 1979-жылы коюлган.