Ирандын Израилдин Зарзир шаарына жасаган чабуулунан кеминде 30 адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын алтоосу ооруканага жаткырылган. Алардын арасында 12 жана 13 жаштагы 2 бала бар. Израил полициясы соккудан имаратка да зыян келтирилгенин кошумчалаган.
Окуя Израилдин түндүгүндө сиреналар угулгандан кийин болгон жана Израилдин аскерлери Ирандан атылган ракеталарды аныктаганын билдиришкен.