Биз социалдык тармакта

Кытайда дүйнөдөгү эң узун эскалатор ачылды (видео)

Кытайдын Чунцин шаарында дүйнөдөгү эң узун эскалатор ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялады.

Маалыматка ылайык, эскалатор комплекси катары таанылган уникалдуу транспорт системинин жалпы узундугу 905 метрди түзөт. Кыймыл шаардын төмөнкү жана жогорку катмарын бириктирип турат. Мындай мүмкүнчүлүктүн аркасында жөө жүргүнчүлөр бир саатта жете турган жолго азыр 20 мүнөт гана сарпталат.

Анда жалпысынан 21 эскалатор, 8 лифт жана 4 жөө адамдарга ылайыкташкан көпүрө бар. Мындан тышкары, эскалатор менен бара жатканда шаардын кооздугун да көрүүгө болот.

Ал эми эскалаторго түшүү үчүн билет баасы 3 юанды (38 сом) түзөт.

Кытайда дүйнөдөгү эң узун эскалатор ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан