АКШ Орусиянын мунайына каршы санкцияларды убактылуу алып салды. Бул тууралуу 12-мартта өлкөнүн Финансы министрлиги билдирген.
Маалыматка ылайык, бул уруксат 11-апрелге чейин күчүндө болот. Чечим Иранга байланышкан операцияларга тиешелүү эмес.
Ошондой эле, АКШнын финансы министри Скотт Бессент бул лицензияны дүйнөлүк энергетикалык рыноктордогу туруктуулукту бекемдөөгө багытталган кадамдардын бири деп атады.
"Учурдагы жеткирүүлөрдүн глобалдык камтуусун кеңейтүү үчүн АКШнын Финансы министрлиги азыр деңизде бара жаткан Орусиянын мунайын өлкөлөргө сатып алууга убактылуу уруксат берет. Бул тар багыттагы кыска мөөнөттүү чара жолдо бара жаткан мунайга гана тиешелүү. Ал эми энергетикалык кирешесинин көпчүлүгүн казып алынган жердеги салыктардан түшүргөн Орусия өкмөтүнө олуттуу каржылык пайда алып келбейт",- деп жазган министр Х социалдык тармагына.