АКШнын аба күчтөрү бейшемби күнү Жакынкы Чыгыштан 19 жарадар аскер кызматкерин Германияга жеткиргенин CBS News телеканалы кырдаал менен тааныш расмий өкүлдөргө таянып билдирди.
Учак Сауд Арабиясынан учуп чыгып, Оманга конуп, андан кийин Германиядагы аскердик оорукананын жанында жайгашкан АКШнын базасына жөнөгөн. Эвакуациялангандардын арасында дрон алардын унаасынын жанында жарылып, жаракат алган 2 аскер кызматкери бар.
Мурдараак Вашингтон Кувейттеги АКШнын объектине жасалган соккудан улам ондогон аскер кызматкерин эвакуациялаган.