Биз социалдык тармакта

Оманда өнөр жай аймагына дрон кулап, эки адам көз жумду

Оманда учкучсуз учуучу аппарат өнөр жай аймагына кулап түшүп, эки жаран каза болду. Дагы бир нече адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышты.

"Сухар провинциясында эки дрондун бири Аль-Авхи өнөр жай аймагына кулап, анын натыйжасында эки чет элдик жаран каза болду. Бир нече жаран жаракат алды",- деп айтылат маалыматта.

Дагы бир дрон ачык аймакка кулаган. Бактыга жараша, андан эч кандай зыян келген эмес.

Компетенттүү кызматтар окуялар боюнча иликтөө иштерин башташты. Азырынча дрон кимге тишелүү экени белгисиз болууда. Бийлик өкүлдөрү жарандарды сабыр сактоого жана социалдык тармактарда чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырган. Буга удаа кырсык катталган объекттерди сүрөткө тартууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан