Биз социалдык тармакта

Казакстанда машыгуу учурунда 21 жаштагы жоокер каза болду

Казакстандын Атырау облусундагы аскердик окуу-машыгууда 21 жаштагы жоокер каза болду. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Каргашалуу окуя 12-март күнү Карабатан полигонунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон. Мекеме Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Батыш аймактык командачылыгынын курамына кирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяга ок атуучу куралды этиятсыз колдонуу себеп болушу мүмкүн.

Бул факт боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Казакстандын Коргоо министрлиги каза болгон аскер кызматкеринин жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле коргоо министринин тапшырмасы менен окуя болгон жерге атайын комиссия жөнөтүлгөн. Аны коргоо министринин орун басары жетектейт. Тергөө иши Башкы аскер прокуратурасынын көзөмөлүндө экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан