Биз социалдык тармакта

Трамп орус мунайына киргизилген санкцияларды убактылуу алып салды

АКШ 30 күнгө үчүнчү өлкөлөргө санкциядагы орус мунайын сатып алууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын Каржы министрлигине таянуу менен жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим дүйнөлүк энергетикалык базарды турукташтыруу максатында кабыл алынган. Анткени АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккуларынын улам, Иран бийлиги Ормуз кысыгын жаап салган.

АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган лицензияга ылайык, 12-марттан баштап танкерлерге жүктөлгөн орус мунайын сатууга убактылуу уруксат берилет. Лицензия бир ай, тактап айтканда, 11-апрелга чейин күчүндө.

Учурда мунайдын баасы туруктуу эмес, анын бир баррели 100 долларга жеткен. Бул көрсөткүч акыркы төрт жылдагы эң жогорку деңгээлдердин бири болуп эсептелет.

Мунай баасына негизги таасир эткен факторлордун бири Ормуз кысыгынын жабылышы, аталган кысык аркылуу дүйнөдө өндүрүлгөн мунайдын 20 пайызы ташылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан