Борбордук шайлоо комиссиясы 13-марттагы жыйынында Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Маалыматка ылайык, мындан улам депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Зулушев №10 шайлоо округунан 14 миң 688 добуш алып шайланган.