Биз социалдык тармакта

АКШ: Иракта кулаган аскердик учактын экипажы каза болду

АКШ аскерлери Ирак аймагында кулаган абадан май куюучу Boeing KC-135 Stratotanker учагынын алты мүчөдөн турган экипажы толугу менен каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-мартта АКШнын Борбордук командачылыгы жүргүзүп жаткан “Epic Fury” операциясынын алкагында болгон. Учак достук аба мейкиндигинде учуп бара жаткан учурда жоголгон.

Буга чейин аскердик командачылык учак башка учак менен болгон инциденттен кийин жоголгонун билдирген. Ошондой эле кырсык Иран тарабынан жасалган чабуулга байланыштуу эместиги айтылган.

Айрым маалымат каражаттары эки май куюучу учак истребителдерге абадан май куюу учурунда абада кагылышып кеткен болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Учурда учактын кулашына байланыштуу жагдайлар териштирилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан