Биз социалдык тармакта

Бүгүн Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдумдун алдындагы "жымжырттык күнү"

Бүгүн, 14-мартта Казакстанда жаңы Конституция боюнча республикалык референдумдун жымжырттык күнү.

Казак басылмалары маалымдагандай, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 15-мартта өтөт. Анда 12 миллиондон ашык шайлоочу добуш бере алат. Добуш берүү участкалары жергиликтүү убакыт боюнча 07:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Референдумдун бюллетенинде "2026-жылдын 12-февралында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?" деген гана суроо болот.

Жалпысынан өлкөнүн Баш мыйзамынын 84 пайызына өзгөртүүлөр кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан