Айыл чарба министрлиги Талас жана Чүй облусундагы өкмөт өкүлдөрүнө кант кызылчасынын айдоо аянтын карап чыгуу боюнча кайрылды

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Талас жана Чүй облустарындагы өкмөт өкүлдөрүнө кант кызылчасынын айдоо аянтын карап чыгуу боюнча кайрылуу жасады. 

Мекеменин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган аймактарга айдалуучу кант кызылчасынын аянты Чүй облусунда 6,7 миң гектар, Талас облусунда 0,3 миң гектар аянтка айдоо пландалууда.   

Айыл чарба министрлиги Чүй боюнча көрсөткүчтү 6,7 миңден 8,5 миң гектарга, Талас боюнча 0,3 миң гектарды 1,3 гектар аянтка айдоону сунуштап жатат. Дыйкандар кызылчанын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн, түшүмдү сатып алуучулар аларга жер семирткичтер менен жардам бериши керек. Кант кызылчаны зыянкечтерден сактап, кам көрсө 1 гектардан 400 центнерге чейин түшүм алса болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан