"Кыргызстандын 146 насыя боюнча милдеттенмеси бар" деди Чынара Айтбаева
Бүгүн, 23-январда "Биздин кылым" жаштар кыймылынын коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Айтбаева коомдук байкоочу кеңештердин эл аралык конференциясында "учурда Кыргызстандын 146 насыя боюнча милдеттенмеси бар" деп билдирди. Эксперттин айтымында, активдүү насыялардын жалпы суммасы 4 миллиард долларды түзөт. "Активдүү насыялардын миллиард долларын Кыргызстан төлөгөн. Азыр калгандарын төлөп жатат. Бир гана 2005-жылдан 2012-жылдар ичинде тышкы карыздарды тейлөөгө 386 миллион доллар жумшаган. 1 миллиард долларга жакын карыз кечилген",- деди Айтбаева.