Биз социалдык тармакта

Түркия Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн датасы боюнча билдирүү таратты

Түркия бийлигинде Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын мүмкүн болгон убактысы жана орду тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу Түркиянын президенттик администрациясына таянып, РИА Новости басылмасы жазды.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкара Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн дагы бир жолу аянтча берүүгө даяр экенин билдирген. Анда Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр 11-мартка пландалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу анын мөөнөтү жылдырылган эле.

Эске салсак, Орусия менен Украина буга чейин Стамбулда үч ирет сүйлөшүү өткөрүшкөн. Акыркысы Женевада 17-18-февралда өткөн болчу. Анын жыйынтыгында туткундарды алмашуу болгон. Мындан тышкары, Орусия курман болгон украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берген. Тараптар ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча меморандум долбоорлорун алмашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан