Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэриясы өз билемдик менен эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келгенин айтты. Ал калаадагы ишкерлер менен болгон жолугушууда тийиштүү кызматтар убагында текшерүү иштерин жүгүзүп, отчётторду беришпегенин белгиледи.
"Ош шаары республикалык маанидеги калаа болгондуктан өзүнүн башкаруу системи бар. Өзүнүн шаардык кеңеши, тийиштүү кызматтары болот. Мисалы, Бишкекте эмне үчүн мындай маселе жаралган жок, анткени ал жакта мыйзам негизинде иш аткарууга аракет кылышкан. Ал эми Ошто мыйзамга баш ийбестик кылып, өз билемдик менен эле курулуштарды баштап келген",- деди министр.
Орунтаев Ошто курулуп жаткан объекттердин тийиштүү документтери жок экенин, эми алар Курулуш министрлигине өткөрүлөрүн кошумчалады.