КРнын Өкмөтүнө өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу тапшырмасы берилди

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы тууралуу КРнын Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 
Вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышкан жыйында жол кырсыктарын азайтуу боюнча сунуштар каралды. Жол кырсыктарын болтурбоого багытталган социалдык роликтерди телеканалдардан байма-бай көрсөтүү керектигин депутат Жылдыз Жолдошова аткаруу бийлигине сунуштады. 
Токтом долбооруна депутат Айнуру Алтыбаева жол коопсуздугунун камсыздалбашынан улам тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча КРнын Өкмөтүнө тапшырма берүү каралган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан