Үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү максатында 14 чарба тандалып алынды

КРнын Өкмөтү жана USAID долбоорунун алкагында үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү максатында 14 чарба тандалып алынды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1ден үрөнчүлүк чарбалары жайгашкан.  

2013-жылы өткөрүлгөн тендерге ылайык, үрөнчүлүк чарбалары үчүн 96 даана үрөн тазалоочу, жер кыртышын иштетүүчү айыл чарба техникалары жана жабдуулары 4,1 миллион долларга алынган.

Мындан сырткары USAID долбоору аркылуу республика боюнча тандалып алынган 14 үрөнчүлүк чарба үчүн 300 миң долларга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан