Биз социалдык тармакта

Лариджанинин өлүмүнө жооп: Иран Израилге жаңы чабуул баштаганын билдирди

Ирандын Сакчылар корпусу Израилге каршы жаңы чабуул баштаганын жарыялады. Бул аракет Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин мурдагы катчысы Али Лариджани каза болгонуна жооп катары жасалганы айтылды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, "чыныгы убада 4" деп аталган операция жаңжал башталгандан бери жооп чараларынын 61-толкуну болду.

"Тель-Авивдин борборунда 100дөн ашык объект бутага алынып, анын ичинде аскердик жана коопсуздук объекттери да болгон. Ракеталар Израилдин абадан коргонуу системдерин эч тоскоолдуксуз басып өткөн. Соккулардын натыйжасында душмандын 230дан ашык аскер кызматкери өлүп же жаракат алган",- деп белгиленди маалыматта.

Тель-Авивден тышкары, чабуулдар Иерусалимге, Хайфа портуна, Беэр-Шева жана Негев чөлү аймактарында да жасалган.

Ошол эле учурда ирандык күчтөр Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Сауд Арабиясы аймагындагы АКШнын аскердик базаларына да сокку урганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан