"Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четинбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин "Кыргызнефтегазда" кампалар дизелдик күйүүчү майга толуп калып, өндүрүүнү токтотуу алдында турат дегени боюнча ВВС'ге комментарий берди.
Самсаалы Четинбаев ал башкарган ишканада өндүрүш жана кайра иштетүү штаттык режимде жүрүп жатканын белгиледи. Ошол эле убакта "Кыргызнефтегаз" ишканасында дизелдик отунду сатуу боюнча маселе бар экенин моюндап, "жыл сайын жаз алды ушундай көрүнүш болот жана ал кадыресе нерсе. Жазгы талаа иштери башталгыча ушинтип кампалар толуп барып, анан иштеп кетет" деген ал.
Четинбаев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында учурда Ички иштер министрлигине бара жатканын да кошумчалаган.
Айта кетсек, Салык кызматы Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.