
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" ишканасынын кирешелерине УКМКнын мурдагы төрагасы
Камчыбек Ташиевдин жакындары ээлик кылып келишкени тууралуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, "Кыргыз Петролеум" мамлекеттик ишкананын туунду компаниясы болуп эсептелет. Аталган компания мунайды өлкө ичинде Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди жана дизелдик күйүүчү майды өндүрүп келген.
"2021-жылдан тарта "Кыргызнефтегаз" жана анын туунду ишканасы "Кыргыз Петролеум" Камчыбек Ташиевдин таасиринде болуп, ишканага жээни Байгазы Матисаковду жетекчи кылып алып келет. Так ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгон.
"Кыргызнефтегаз" казган чийки мунайды "Кыргыз Петролеум" заводу кайра иштетип, өндүрүлгөн мунайдан киреше табышы керек болчу. Бирок бул эки ишкананын ортосуна Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизилип, мунайды кайра иштетүү ошолор аркылуу өткөндөй көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр продукция Ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу башкаларга сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес, Ташиевдерге түшүп турган.
Аи-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы мунай менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен. Басымдын таасири менен сатып алган компаниялар Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди Орусиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып анан элге сатышкан.
Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин жогорудагы эки компания Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди жана дизелди сатып алууну токтоткон. Учурда "Кыргыз Петролеум" ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калган. Ага байланыштуу, өкмөт жергиликтүү өндүрүштөгү Аи-80 күйүүчү майын жана дизелди экспорттоого убактылуу уруксат берди. Эми "Жунда" жана “Кыргыз Петролеум" ишканаларынан өндүрүлгөн Аи-80 бензини жана дизелдик күйүүчү май Тажикстан жана Ооганстанга экспортко чыгарылып баштайт.
Ал эми Орусиядан алынып келген евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт. Мамлекет "Кыргыз Петролеум" ишканасын модернизациялоону баштады, жумуш эки жыл ичинде аяктайт. Завод модерниазциялоодон өткөндөн кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздап баштайт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Айта кетсек, Салык кызматы Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган
иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин
козгогон.