Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мосуд Маннан менен жолугушту.
Иманалиев Мосуд Маннанды Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Кыргыз-бангладеш кызматташтыгы жаңы баскычта турганын, анын андан ары өнүгүүсүнө бардык шарт бар экенин белгиледи депутат. Кыргызстан жаш парламенттик өлкө болгондуктан, Бангладештин парламентаризм тажрыйбасын да кароо керектиги айтылды.
Маннан жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосунда кызматташтык мамилелердин тереңдөөсүнө тилектеш экендигин, Бангладеш парламенттик өлкө катары парламентаризм жаатында топтогон тажрыйбаларын бөлүшкөнгө даяр экенин билдирди.
Элчи Бангладеште жакырчылыктын төмөндөшүнө оң таасир тийгизген микро каржы компанияларынын бет ачарын өткөрүүнү сунуштады.