АКШ жана Израил тарабынан жүргүзүлүп жаткан ракеталык соккулардын натыйжасында Иранда дагы бир жогорку даражалуу жетекчи каза болду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басма сөз катчысы Али Мохаммед Наининин өлүмүн тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин да бир катар маанилүү фигуралардын каза болгону кабарланган. Алардын арасында чалгындоо министри Эсмаил Хатиб, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Лариджани жана аскерлештирилген күчтөрдүн командачысы, генерал-майор Голамреза Сулеймани бар.
Акыркы маалыматтарга ылайык, жаңжал күчөгөндөн бери Иранда 40тан ашуун жогорку даражалуу жетекчи каза болду. Бул кырдаал өлкөнүн саясий жана аскердик түзүмүнө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.