"Ар-намыс" фракциясы бүгүн, 24-январда Айыл чарба министрлигине талапкерлерди карайт
Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясы бүгүн, 24-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлигине талапкер сунуштоо маселесин карайт. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, "Ар-намыс" фракциясынын квотасы менен аталган министрликти жетектеп келген Чыңгысбек Узакбаев жакында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.