Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош жана Баткен облустарындагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылындагы 480 орундуу мектептин курулушуна сарпталган каражат белгиленген суммадан көп сарпталганы аныкталган.
Бул тууралуу 24-январда аталган кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада аткаруучу “Памир-Жол” акционердик коому курулуш иштерине 27 941 500 сом ашыкча сарптаган. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери жүрүүдө.