Биз социалдык тармакта

Кытай Израилдеги жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды 

Кытай Жакынкы Чыгышта уланып жаткан кырдаалга байланыштуу Израилдеги жарандарын мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү. Бул тууралуу Кытайдын Тель-Авивдеги элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

Ага ылайык, аталган мамлекетке учкучсуз учактардын кол салуулары уланып, анын кесепетинен адам курмандыктары жана материалдык чыгымдар болууда.

Кытай өкмөтү Египет менен "Таба" чек ара бекети аркылуу Израилден кетүүнү каалаган жарандарды эвакуациялоону уюштуруп жатканы кабарланды.

Ал эми Израилде калган жарандарга аэропорттордон, порттордон, электр станцияларынан, мунай иштетүүчү заводдордон, ошондой эле башка негизги инфраструктуралык объекттерден жана аскердик аймактардан алыс болуу сунушталууда.

Буга чейин биринчи чабуулдардан кийин Кытай бийлиги Ирандагы жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырса, Израилдеги жарандарына аткылоо коркунучу жогору аймактардан оолак болууга гана кеңеш берген.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан