Чубак ажы Жалилов Бишкек шаарынын казысы кызматынан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставы боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ, 23-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын казылык кызматына экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду дайындаган.