Иранда 25 күндөн бери интернет дээрлик өчүк. Бул тууралуу эл аралык NetBlocks интернет мониторинг кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда аталган интернет мониторинг кызматынын эсептөөсү боюнча Иранда 576 сааттан бери интернет ишке киргизиле элек.
"Иранда интернеттин өчүрүлүшү 576 сааттан бери уланууда. Бул калкты тышкы дүйнөдөн обочолонтуп, жарандарды маанилүү маалыматтан жана дүйнөлүк аренада өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат", - деп жазган NetBlocks интернет мониторинг кызматы.
Айрым басылмалар мындай өчүрүү Иран тарыхында эң узак интернет өчүрүү болгонун жазышты. Мындан улам 90 миллиондон ашык адам бир айга жакын убакыттан бери байланышсыз калган.