Биз социалдык тармакта

Нью-Йорктогу учак кырсыгы: Эки адам каза болгону маалым болду (видео)

Нью-Йорктогу Ла-Гуардиа аэропортунда жүргүнчү ташыган учак менен өрт өчүрүүчү унаанын кагылышуусунан 2 адам каза болгону кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызып, окуянын жаңы видеосун жарыялашты.

Белгилүү болгондой, учак кырсыгы кечээ, 23-мартта катталган. Андагы кырсыктан улам 2 адам каза болуп, 41ге жакын адам жаракат алганы такталды. Учакта жалпы 100дөй адам болгону кабарланган.

Жабыркагандардын арасында экипаж мүчөлөрү да бар экени айтылды. Окуядан кийин аэропорт убактылуу жабылып, бир нече каттам кармалып калган.

Учурда окуянын так себеби такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт өчүрүү унаасы башка авариялык кырдаалга байланыштуу учуу тилкесинде бара жаткан.

Нью-Йорктогу учак кырсыгы: Эки адам каза болгону маалым болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан