Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Израилдеги жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскер базаларына сокку урганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Аскерий штабдын маалыматына ылайык, билдирүүдө соккулар Эйлат, Димона жана Тель-Авив шаарынын түндүк бөлүгүндөгү буталарга багытталганы айтылган.
Ошондой эле КСИР Жакынкы Чыгыштагы АКШнын айрым аскердик базалары да бутага алынганын маалымдаган. Билдирүү Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы аркылуу жарыяланган.