Биз социалдык тармакта

Сауд Арабиясы дүйнөлүк экономикалык форумун белгисиз мөөнөткө жылдырды

Сауд Арабиясы апрель айына пландалган Дүйнөлүк экономикалык форум (ВЭФ) жыйынын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган жыйын 22-23-апрелде Жидда шаарында өтмөк. Бирок Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу иш-чара кийинкиге калтырылды.

Бул чечим Сауд Арабиясынын Экономика жана пландоо министрлиги менен форумдун уюштуруучуларынын макулдашуусу аркылуу кабыл алынган. Билдирүүдө айтылгандай, жыйындын жаңы датасы кийинчерээк жарыяланат.

Буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Давосто өткөн форумда апрель айында Жиддада эл аралык экономикалык жолугушуу өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан