Кыргызстанга 2013-жылы келген туристтердин саны боюнча биринчи орунда турган Казакстандан 2 450 0 77 адам келген. Бул тууралуу 24-январдагы “Республика” фракциясынын Ысык-Көл облусунда болгон көчмө жыйынында маалым болду.
КРнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Орусиядан 351 730 турист келсе, Өзбекстандан 325 406 жана Тажикстандан 137 468 адам келген. Жалпысынан 9 ай ичинде түшкөн 420 миллион доллар каражаттан 75 миллион 628 миң сом салык катары мамлекеттик бюджетке төлөнгөн.