Иран бийлиги АКШ жана Израил менен ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай маселе көтөрбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Якуб Резазаде өлкөдө мындай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөнүн айткан.
Анын билдирүүсүндө, дипломатиялык органдар, өкмөт же куралдуу күчтөр согушту токтотуу же элдешүү боюнча эч кандай сунуштарды көтөргөн эмес жана бул тууралуу сүйлөшүүлөр да болбогону белгиленген.