Биз социалдык тармакта

Пакистан АКШ менен Иран ортосунда сүйлөшүү өткөрүүгө даяр

Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн премьер-министри Шехбаз Шариф Пакистан бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүчү тарап болууга даяр экенин айткан.

Анын билдирүүсүндө, АКШ жана Иран макул болгон шартта Пакистан мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экени белгиленген.

Ошондой эле Шариф Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын айтып, бул аймакта жана дүйнөдө туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан