Биз социалдык тармакта

Иранда АКШ жана Израилдин соккуларынан 230дан ашык окуучу жана мугалим каза болду

Иранда АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккулардын кесепетинен кеминде 230 окуучу жана мугалим каза болгонун өлкөнүн билим берүү мекемеси билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кагылышуулар башталгандан бери жалпы 230дан ашык мектеп окуучулары жана мугалимдер курман болгон. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлаган.

Алгачкы соккулар 28-февралда башталган. Ошол эле күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Минаб аймагындагы мектеп да сокку алдында калган. Расмий маалыматтарга караганда, аталган окуяда 168 окуучу жана 14 мугалим жана мектеп кызматкерлери каза тапкан.

Иран бийлиги бул окуяны катуу айыптап, курман болгондордун элесин түбөлүк сактоо үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп бул окуя боюнча иликтөө дагы деле уланып жатканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан