Биз социалдык тармакта

Ливанда Израилдин соккуларынан каза болгондордун саны 1072ге жетти

Ливанда Израил тарабынан жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун саны 1072ге жетти. Бул тууралуу Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, 2-марттан бери жалпысынан 1072 адам каза болуп, дагы 2966 адам жаракат алган. Акыркы бир сутканын ичинде эле 33 адам каза болуп, 90 киши жабыркаган.

Кагылышуу "Хезболла" кыймылы Израилге каршы ракеталык чабуулдарды кайра баштагандан кийин күчөгөн. Буга жооп катары Израил Ливандын түштүк аймактарына, Бекаа өрөөнүнө жана борбор шаардын чет жактарына массалык соккуларды жасаган.

16-мартта Израил армиясы Ливандын түштүгүндө кургактагы аскердик операция баштаганын расмий жарыялаган.

Мындан тышкары 2024-жылдын ноябрь айында эл аралык ортомчулук менен жетишилген ок атышпоону токтотуу келишими толук сакталбай жатканы белгиленүүдө. Ливан бийлиги Израил тарапты келишимди бир нече жолу бузду деп айыптап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан