Биз социалдык тармакта

Трамптын рейтинги рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү

АКШнын президенти Дональд Трамптын ишмердүүлүгүн колдоо рейтинги 36 пайызга чейин түшүп, эң төмөнкү чекке жетти. Бул тууралуу Reuters жазды.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч ал Ак үйгө кайра келгенден берки эң төмөнкү деңгээл болуп эсептелет. Президенттик мөөнөтүнүн башында колдоо рейтинги 47 пайызда болсо, өткөн жайдан бери негизинен 40 пайыздын тегерегинде кармалып келген. Рейтингдин төмөндөшү күйүүчү майдын кымбатташы жана Ирандын айланасындагы кырдаал менен байланыштуу экени айтылууда.

Ошол эле учурда The Wall Street Journal басылмасы Пентагон Жакынкы Чыгышка болжол менен 3 миң десанттык аскерди жайгаштырууну пландап жатканын билдирген.

Адистер муну аймактагы чыңалуунун күчөшү жана АКШнын аскердик катышуусун бекемдөө аракети менен байланыштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан