Англиянын "Манчестер Сити" футбол клубунун жана Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов алгачкы жолу ата болду. Футболчунун үй-бүлөсүндө уул төрөлгөнүн спортчу социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайга Давид деген ысым ыйгарылган. Хусанов бул маанилүү окуяны Ташкент шаарында жакындарынын курчоосунда белгиледи.
Белгилей кетсек, футболчу "Ситиде" 2025-жылдан бери ойноп келет. Ал бул клубга Франциянын "Ланс" командасынан 40 миллион еврого трансфер болгон. Ушул убакыт ичинде ал бардык мелдештерде 39 оюн өткөрүп, бир гол киргизген.
Мындан тышкары, Хусанов биринчи трофейин жеңип, 2025-2026-жылкы сезондо Англия лигасынын кубогун утту. Учурда Англия чемпиондугунда 30 турдан кийин "Манчестер Сити" 61 упай топтоп, турнирдик таблицада экинчи орунда келе жатат.