Биз социалдык тармакта

Моди менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу байланышып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулады.

Сүйлөшүүдө Ормуз кысыгы тууралуу дагы сөз болгонун эл аралык басылмалар жазышты.

"Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пайдалуу пикир алыштык",- деп жазган Моди Х социалдык тармагына.

Анын айтымында, Индия аймактагы тынчтыктын тез арада калыбына келишин колдойт жана деэскалацияга үмүттөнөт.

"Ормуз кысыгын ачык кармоо бүткүл дүйнө үчүн өтө маанилүү",- деп белгилеген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан