Биз социалдык тармакта

Иран мунай баалары аскердик кепилдиктер менен гана туруктуу болорун билдирди

Перс булуңу аймагына жаңы инвестициялар, ошондой эле мунай бааларынын туруктуулугу Иран аскерлеринин кепилдиктеринен гана көз каранды. Бул билдирүүнү Ирандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жасады.

"Аймактагы туруктуулук Ирандын куралдуу күчтөрүнүн күчү менен кепилдиктери айкын болгонго чейин аймакта жаңы инвестициялар болбойт, ошондой эле энергетика жана мунай баалары мурунку деңгээлине кайтып келбейт...Туруктуулукка күч колдонуу менен жетишилет",- деп айтылат анда.

Билдирүүдө атаандаштарына кайрылуу жасалып, "кырдаал мурунку тартипке кайтпайт. Ал Иран элине каршы аракеттенүү идеясы толугу менен жок кылынып, унутулганда гана кайра жаралат" делген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан