Америкалык делегация жана ортомчулар 26-мартта Иран менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талкуулап жатышат. Бул тууралуу Axios ишенимдүү булактарына таянып жазды.
Басылма билдиргендей, жолугушуу ырасталса, ага АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс катышышы мүмкүн.
"АКШ жана аймактык ортомчулар тобу бейшемби күнү жогорку деңгээлдеги тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат, бирок алар дагы эле Тегерандын жообун күтүүдө",- деп жазылат анда.
Маалым болгондой, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ лидери Трамп "Тегеран менен олуттуу жеңилдиктерди караган жана Израилдин Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн чектеген келишимге барышы мүмкүн" деп кооптонууда.